Түштүк Кореяда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык боксчу Турат Осмонов 49 килограмм салмактык бөлүктө жарым финалга чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда мелдештин расмий сайты билдирди.
Маалыматка ылайык, чейрек финалда Турат монголиялык Ган Эрдене Ганхуяг менен кез келип, 3 калыстын добушу менен утуп алды. Жарым финалда ал Казакстандын өкүлү менен кез келет.