Чемпиондор Лигасында франциялык ПСЖ футболдук клубу 3 гол киргизип, “Барселонаны” утуп алды

30-сентябрдан 1-октябрга караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 2-тур оюндарынын алкагында 8 футболдук беттеш болуп өттү. Бул күн конокто оюн өткөргөн командалар үчүн ийгиликтүү болду. Өз үйүндө жеңишке жетишкен ПСЖ менен БАТЭ гана болду. Түндүн башкы беттештеринин биринде Франциянын акыркы сезондогу чемпиону ПСЖ өз үйүндө каталондук “Барселонаны” утуп алды.  

Оюндардын жыйынтыгы төмөнкүчө:

“Е” тайпасы

ЦСКА (Орусия) – “Бавария” (Германия) – 0:1

Гол: Мюллер (22-мүнөттө пенальтиден)

“Манчестер Сити” (Англия) – “Рома” (Италия) – 1:1

Голдор: Агуэро (4-мүнөттө пенальтиден), Тотти (23-мүнөттө)

“F” тайпасы

ПСЖ (Франция) – “Барселона” (Испания) – 3:2

Голдор: Давид Луис (10-мүнөттө), Месси (12-мүнөттө), Верратти (26-мүнөттө), Матюйди (54-мүнөттө), Неймар (56-мүнөттө)

АПОЭЛ (Кипр) – “Аякс” (Голландия) – 1:1

Голдор: Андерсен (28-мүнөттө), Мандука (31-мүнөттө пенальтиден).

“G” тайпасы

“Спортинг” (Португалия) – “Челси” (Англия) – 0:1

Гол: Матич (34-мүнөттө)

“Шальке” (Германия) – “Марибор” (Словения) – 1:1

Голдор: Бохар (37-мүнөттө), Хунтелар (56-мүнөттө)

“H” тайпасы

“Шахтёр” (Украина) – “Порту” (Португалия) – 2:2

Голдор: Алекс Тейшейра (52-мүнөттө), Луис Адриано (85-мүнөттө), Мартинес (89-мүнөттө пенальтиден), Мартинес (90-мүнөттө).

БАТЭ (Беларусь) – “Атлетик” (Испания) – 2:1

Голдор: Поляков (19-мүнөттө), Карницкий (41-мүнөттө), Адурис (45-мүнөттө).  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Topchubai
2014-10-01 10:22:23
видеосун да чыгаргылачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан