Инчхон-2014: Бүгүн грек-рим күрөшүнөн кыргызстандык 4 балбан медаль үчүн күрөшөт

Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында бүгүн, 1-октябрда 46 комплект медаль ойнотулат. Алардын ичинен кыргызстандык балбандар 4 салмак категориясында грек-рим күрөшү боюнча кармаштарды өткөрүшөт. 66 килограмм салмакта Руслан Царев ирандык Афшин Баябангард менен кез келсе, 75 килограмм салмакта Самат Шырдаков Түштүк Кореянын өкүлү менен күрөшөт. Ал эми Азат Бейшебековдун (85 кг) атаандашы түркмөнстандык Кыяс Эсенов болсо, Мурат Рамоновго (130 кг) тажикстандык Муроджон Туйчиев каршы турмакчы.

Кошумчалай кетсек, бул балбандардын арасынан Руслан Царев менен Мурат Рамонов жыл ичинде жакшы жыйынтыктарды көрсөтүшкөн. Апрель айында Казакстандын Астана шаарында өткөн Азия биринчилигинде Руслан алтын медаль тагынса, Мурат күмүш уткан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dadasdasd
2014-10-01 10:12:31
Аллахым балбандарыбызга күч кубат, калыстарга инсап берсин. Оомин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан