Инчхон шаарында өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык мушкер Эрмек Сакенов кечээ, 30-сентябрда 64 килограмм салмакта рингге чыгып, чейрек финалда түштүк кореялык Хун Чул Лимага утулуп калды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 3 раунддун жыйынтыгында 3 калыс тең жеңишти кореялык спортчуга тапшырышты. Ошентип, Э.Сакенов медалга жетпей, мелдештен четтеп калды.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын курамынан Турат Осмонов (49 килограмм салмакта) гана жарым финалга чыкты. Калган мушкерлер чейрек финалдан ары өтө албай, чемпиондук жарыштан чыгып калышкан.