“Инчхон-2014” Жайкы Азия оюндарынын алкагында бүгүн, 1-октябрда грек-рим күрөшү боюнча медалдар ойнотулуп жатат. Бул күнү 85 килограмм салмакта күрөшкөн кыргызстандык балбан Азат Бейшебеков түркмөнстандык балбан Кыяс Эсеновду утуп, чейрек финалга чыкты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Андан тышкары бул күнү Самат Шырдаков 75 килограмм салмакта Түштүк Кореянын өкүлүнө 3:0 эсебинде утулуп калды.
*
*