Кыргызстандык балбан Мурат Рамонов тажикстандык балбанды утуп, жарым финалга чыкты

“Инчхон-2014” Жайкы Азия оюндарынын алкагында бүгүн, 1-октябрда грек-рим күрөшү боюнча медалдар ойнотулуп жатат. Бул күнү 130 килограмм салмакта күрөшкөн кыргызстандык балбан Мурат Рамонов тажикстандык Муроджон Туйчиевди утуп, жарым финалга чыкты. Эми ал жарым финалда казакстандык балбан менен күч сынашат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Ошондой эле буга чейин 85 килограмм салмакта күрөшкөн кыргызстандык балбан Азат Бейшебеков түркмөнстандык балбан Кыяс Эсеновду утуп, чейрек финалга чыккан эле.

Андан тышкары бул күнү Самат Шырдаков 75 килограмм салмакта Түштүк Кореянын өкүлүнө 3:0 эсебинде утулуп калды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан