“2012-жылдын 12 айында Кыргызстанда 28 миң 847 кылмыш иши катталып алардын 68,8 пайызынын бети ачылган. Бул көрсөткүч 2011-жылга салыштырмалуу 5,4 пайызга аз”. Мындай билдирүү бүгүн, 25-январда ИИМдин ыкчам иликтөө кызматкерлеринин 2012-жыл боюнча берилген отчётунда айтылды. Маалым болгондой, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери өткөн жылы 18 миң 945 кылмыш ишинин бетин ачса, кылмышка шектүү делген 19 миң 361 жаран каттоого алынып, алардын 64,9 пайызы өз күнөөсүн моюнга алышкан.