Бишкекте 4,5 килограмм баңгизаты менен Казакстандын 2 жараны кармалды

Бишкекте 4,5 килограмм баңгизаты менен Казакстандын 2 жараны кармалганын Бишкек шаардык ИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан 24-январда саат 05:30дар чамасында Бишкек шаарынын Алма-Ата көчөсүндө БМВ үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынганда унаадан 5 баштыкчага салынган баңгизат табылган. Автоунаада айдоочу Кордай айылынын тургуну 25 жаштагы Максим Ф. жана 25 жаштагы ушул эле айылдын тургуну Сергей О. болгон. Иликтөө иштери жүрүп жатканда бул жарандар милиция кызматкерлерине 5 миң доллар пара сунуш кылышкан. Бирок алар акчаны алуудан баш тартышып, учурда окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан