1-октябрдан 2-октябрга караган түнү Европадагы беделдүү футболдук мелдештердин бири УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 2-тур оюндары орун алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, анда англиялык “Ливерпуль” Швейцариянын “Базель” клубуна конокто 1:0 эсебинде утулуп калды. Ушундай эле эсеп катыштыгында италиялык “Ювентус” өткөн жылдагы финалчы “Атлетикого” Мадрид шаарында жеңилди.
“А” тайпасы
“Атлетико” (Испания) – “Ювентус” (Италия) – 1:0
Гол: Арда Туран (75-мүнөттө)
“Мальмё” (Швеция) – “Олимпиакос” (Греция) – 2:0
Голдор: Маркус Розенберг (42-мүнөттө), Маркус Розенберг (82-мүнөттө).
“В” тайпасы
“Базель” (Швейцария) – “Ливерпуль” (Англия) – 1:0
Гол: Марко Штреллер (52-мүнөттө).
“Лудогорец” (Болгария) – “Реал” (Испания) – 1:2
Голдор: Марселиньо (6-мүнөттө), Криштиану Роналду (24-мүнөттө пенальтиден), Карим Бензема (77-мүнөттө).
“С” тайпасы
“Зенит” (Орусия) – “Монако” (Франция) – 0:0
“Байер” (Германия) – “Бенфика” (Португалия) – 3:1
Голдор: Штефан Кисслинг (25-мүнөттө), Сон Хюн Мин (34-мүнөттө), Эдуардо Сальвио (62-мүнөттө), Хакан Чалханоглу (63-мүнөттө пенальтиден).
“D” тайпасы
“Арсенал” (Англия) – “Галатасарай” (Түркия) – 4:1
Голдор: Дэнни Уэлбек (22-мүнөттө), Дэнни Уэлбек (30-мүнөттө), Алексис Санчес (41-мүнөттө), Дэнни Уэлбек (52-мүнөттө), Бурак Йылмаз (63-мүнөттө).
“Андерлехт” (Бельгия) – “Боруссия” (Дортмунд, Германия) – 0:3
Голдор: Чиро Иммобиле (3-мүнөттө), Адриан Рамос (69-мүнөттө), Адриан Рамос (79-мүнөттө).
*