Инчхон-2014: Кытай 295 медаль утту, Кыргызстан 5 медаль менен командалык эсепте 28-орунда

“Инчхон-2014” Азия оюндарынын алкагында командалык эсепте 1-орунда келе жаткан Кытай курама командасынын уткан медалдарынын саны 295ке жетти. Анын 131и алтын болсо, 90у күмүш, 74ү коло медалдар. Алдынкы үчтүктө болсо Түштүк Корея менен Япония бар. Азия оюндарынын 14-күнүнө карата (2-октябрга карата) көрсөткүчтө жалпы медаль алган мамлекеттердин саны 33кө жетти. Кыргызстан курамасы карамагындагы 5 медаль менен командалык эсепте 28-орунда келүүдө. Мелдешке жалпысынан 45 мамлекет катышып жатат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт. 

Командалык эсеп:

Орун  Өлкө                         Медалдардын саны

1          Кытай                       295 медаль (131 алтын, 90 күмүш, 74 коло)

2          Түштүк Корея          189 медаль (62 алтын, 61 күмүш, 66 коло)

3          Япония                     164 медаль (40 алтын, 64 күмүш, 60 коло)

4          Казакстан                  66 медаль (20 алтын, 17 күмүш, 29 коло)

5          Иран                          40 медаль (15 алтын, 11 күмүш, 14 коло)

28        Кыргызстан               5 медаль (2 күмүш, 3 коло) 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jiide.8792
2014-10-02 11:48:18
акыркынын бешинчиси кенда аа
0
Dadasdasd
2014-10-02 12:31:29
Кытай дуйнөнун жарымын ээлеп жатса анан.
0
Patrik
2014-10-03 20:54:33
Казак кыргыз бир тууган. Казактардын медалы биздин деле медаль. Ошондо биз деле 4-местада келтабыз.(озумду-озум сооротуп жатам)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан