“Инчхон-2014” Азия оюндарынын алкагында боксчу Турат Осмонов 49 килограмм салмакта коло медаль тагынды. Ал жарым финалдык беттеште Казакстандын өкүлү Биржан Жакыповго 3:0 эсебинде утулуп, финалдык жолдомодон куру калды. Ошентсе да, бокстун жобосу боюнча, жарым финалга чыккан мушкер утулганына карабай коло медаль тагынат. Бул тууралуу оюндардын расмий сайты кабарлады.
Ушуну менен Кыргызстан курамасы Азия оюндарында жалпысынан алтынчы медалды, ошондой эле төртүнчү коло медалды багындырды. Буга чейин Евгений Ваккер менен Магомед Мусаев күмүш, Жанарбек Кенжеев, Айсулуу Тыныбекова жана Эламан Догдурбек уулу коло медалдарды багынтышкан эле.