Кыргызстандын футбол боюнча Көз карандысыздык Кубогунун финалдык оюну 11-октябрда Кант шаарында өтөт. Анда канттык “Абдыш-Ата” менен бишкектик “Дордой” беттешет. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Кыргызстандын Футбол Лигасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, финалды 5-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөрүү пландаштырылган. Бирок 25-сентябрда Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын Азия оюндарынан кайтуусу боюнча кыйынчылыктар жаралып, команданын 6-октябрда гана мекенине келе турганы маалым болду. Ушул себептен финалдык беттештин мөөнөтү жылдырылды.