Бүгүн, 3-октябрда “Инчхон-2014” Азия оюндарынын алкагында таэквондо боюнча медалдар ойнотулуп жатат. Бул күнү кыргызстандык спортчулардан Улукбек Мураталиев 54 килограмм салмакта таиланддык спортчуга каршы чейрек финалдык беттешин өткөрүп, жеңилип калды. Ошондой эле 58 килограмм салмакта күчүн сынаган Алмаз Токтоматов биринчи беттешинде Кытайдын өкүлүнө утулуп, чемпиондук жарыштан чыгып калды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.