4-октябрда Түштүк Кореянын Инчхон шаарында 48 спорт түрү боюнча 45 мамлекеттин спортчуларынын катышуусунда өткөн Азия оюндары жыйынтыкталды. Мелдеште командалык эсепте Кыргызстан курама командасы 30-орунду ээледи. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстандан 19 спорт түрү боюнча 115 спортчу катышып, 6 медаль тагынышты (2 күмүш, 4 коло). Бул көрсөткүч менен кыргызстандыктар 30-орунду ээлеп, медаль уткан 37 команданын катарында болду.
Командалык эсепте 1-орунду 342 медаль уткан (151 алтын, 108 күмүш, 83 коло) Кытай курамасы ээледи. Экинчи орунду Түштүк Кореянын командасы 234 медаль (79 алтын, 71 күмүш, 84 коло) утуу менен ээлесе, 3-орунду Япониянын өкүлдөрү багындырышты (жалпы 200 медаль болсо, анын 47си алтын, 76сы күмүш, 77си коло).