Спорт ишмерлери Кыргызстан курамасынын Азия оюндарындагы көрсөткүчүн “канааттандырарлык” деп табышты

Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн Азия оюндарында Кыргызстан курамасы командалык эсепте 30-орунду ээледи. Тамашалуу түрдө айтканда, карандай чай ичкенине карабай спортчуларыбыз кара күчкө салып, 6 медаль (2 күмүш, 4 коло) алып келишти. Өкмөттөн тийиштүү көңүл бурулбаганын спортчулар да, көптөгөн спорт ишмерлери да далилдеп бере алышат. Ошентсе да өкмөт бул оюндардын алдында план коюп, “Кыргызстан курамасы 3 медаль алышы керек” деген милдеттенме берген. 115 спортчу жиберип, анын үчөөсүнөн гана үмүттөнгөн өкмөттүн планы сан жагынан алып караганда, эки эсеге аткарылды. Бирок планда алтын медаль да бар болчу. Бул жагынан алып караганда, өкмөт максатына жеткен жок. Ал эми бир катар спорт ишмерлери SUPER.KG порталына маек куруп, спорт тармагынын жакшыруусу үчүн өкмөттүн спортко болгон мамилеси жакшыруусу керектигин баса белгилешти. Ошого карабай биз менен маектешкендердин көбү Кыргызстандын Азия оюндарындагы көрсөткүчүн “канааттандырарлык” деп баалашты.

Кадырбек Эргешов, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору:

- Негизи, Азия оюндарына катышкан 45 мамлекеттин ичинен медаль албай калган курамалар дагы болду. Биз кичинекей бюджетке карап 3 медаль пландаганбыз, 6 медаль алып, планды ашыгы менен толтурдук. Ушуларды карап туруп, анан кантип “канааттандырарлык эмес жыйынтык” дегенге ооз барат? Көп медаль алганга мүмкүнчүлүк бар болчу, бирок көптөгөн себептерден улам аны ишке ашыра алган жокпуз. Бул Азия оюндары бизге сабак болду. 2 жылдан кийин Олимпиада оюндарына кандай жол менен баруу керек экенин ушул оюндардын жыйынтыгына карап билишибиз керек.    

Шаршен Касенов, эркин күрөш боюнча машыктыруучу:

- Кыргызстан бул жолку Азия оюндарында эмнени эксе, дал ошону алды. Тактап айтканда, өкмөт бөлгөн каражатына, спортко кылган мамилесине жараша жыйынтык алды. Бокс боюнча Азат Усеналиев, грек-рим күрөшүндө Калыбек Жолчубековдун медаль алганга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Өз жеринде кореялыктар калыстыктан жазып, мыкты спортчуларыбызды токтотуп коюшту. Ошентсе да бул канааттандырарлык жыйынтык.     

Адылхан Бекболотов, бокс боюнча улуттук курамдын башкы машыктыруучусу:

- Мен “канааттандырарлык эмес” деген жыйынтыкка келдим. Анткени бокс боюнча Өмүрбек Малабеков, Азат Усеналиев сыяктуу мушкерлер медаль аларына ишенгем. Бирок спорттогу ийгилик каршылаштар тарапка жылмайды. Бокс боюнча акыркы 12 жылда Кыргызстандан медаль уткан эмес. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен 1 медаль утуу тууралуу милдеттенме алдык. Милдеттенмени аткарганыбыз менен, максаттарыбызга жетпей калдык. Өкмөт акчаны убагында бербесе, спорттук шаймандар жетишсиз болсо, анан кантип жыйынтык болсун? Спортчулар мелдешке катышуу үчүн ар кимден акча сурап жүргөнү туура эмес... 10-15 жылдан кийинки абалыбызды ойлогуң келбейт, мындай жүрүш менен спортту жоготуп алабыз.

Улан Молдодосов, Оор атлетика федерациясынын вице-президенти:

- Бул Азия оюндарында 6 медаль алдык, жыйынтыкты “канааттандырарлык” деп айта алам. Ар бир спорттун кайсы континентте кандай өнүккөнүнө, анан өтө турган системине көңүл буруш керек. Мисалы, оор атлетика Азияда катуу өнүккөн. Ушул оюндарда эле 12 дүйнө рекорду жаңыланды. Бул катуу атаандаштыктан кабар берет. Башка спорт түрлөрүндө да атаандаштык алсыз дегенге болбойт. Болгону көп спорт түрлөрүндө чүчү кулак системи бар. Медаль алар-албасың ошол чүчү кулак аркылуу тандалган атаандашка байланыштуу болот. Негизи, мамлекет кыргызга аброй алып келе турган спорт түрлөрүнө көп каражат бөлүшү керек. Мени футболчулар таң калтырды, мына ойноп, жыйынтык көрсөтсө болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
mamashov-emil
2014-10-06 17:07:53
azyrky biylikti oturgandar kandai bolsoda kyzyktyrbait alarga akcha chontoko tushso boldu kursagy toiup bolgon saiyn bolsun dep mamleketti oilogon chinovnikter oto ele az, misaly karagylachy ozbekstan menen kazakstandy alardyn sportsmenderi emne uchun oshoncho kop altyn alyshat sebebi mamleket oto sonun shart tuzup beret ananda stipendialary jogoru bizdin sportsmenderda kachan oshol uchurga jetebiz olimiada oiundaryn korgondo bizdikiler oto kop sporttun turunon chygyshpait chinovnikter oilongula
0
mamashov-emil
2014-10-06 17:09:56
maga kanaattandyrgan jok bul olimpiada oiundarynyn jyiyntygy tuura sportsmenderibizde anchalyk kunoo jok bizdin biyliktegiler sport menen mamlekettin avtoriteti abroiu baardyk jagynan taanylyp kuiormandary koboiup biz olo suiunobuz kkop altyndardy alsa a bizdin biyliktegilerge poff.....k bolup kaldy achygy
0
LIVER
2014-10-06 17:22:23
Отура бергиле жыргап, кичине аракет кылыш керек, даже у нашего спорт комитета амбиции нет, поднимайте вопрос, у Казахстана 86 медалей из них 26 золото, у Узбекистана 40 медалей их них 9 золото, куда вообще смотрят наши умники, Ушул результатка ыразы болсонор анда, соз жок
+1
Мэри
2014-10-06 17:57:47
Кайсы бир мелдештен келгенден кийин биздин спортчулардын жообу даяр: "мамлекет көңүл бөлбөй жатат", "каражат жок" ж.б. Ушинтип айтуу туура элеби, негизи, уят эмеспи дейм да... Ооба, мамлекет караш керек, бирок баары бир биринчи аракет өздөрүнөн го, балким, биздин спортчулар чабалдыр, ушуну моюндагысы келишпейт го, сыягы...
0
mirbakg
2014-10-07 07:11:17
Мэри, сага бул жерде отуруп айтып салыш оной эле! Ошолордун оордуна озунду койуп кордунбу ? Кыргызстанды спортчулары эртеден кечке башка жерлерде иштешет! Кечинде келип тренировка кылат башка мамлекетте мындай эмес мамлекеттин намысын коргогону бара жатабы алар баарын тузуп берет жашаган жери Тамак ашы айлык алат тренировка кылганына !
0
Shai
2014-10-07 13:38:31
Мэри, Бизде ошол олимпиадагада тааныш билиш кылып салышат. Таштамай болуп кетет. Тандоо турундале олот баары чыныгы спортисмендер калып кетет. Эл коруп жер коруп келгениле барышат. Бизде тандоо турду туура откоруш керек чыныгы спортисмендер тандалышы керек. Анан мамлекеттин дагы кичине аброю болуш керек да, ошого карап чемпионатта жыйынтыкталат. Мисалы бокста Азаттын кашын сузуп жарып чыгарып койду. Ошол жерде Азат наркынын кашын жарганда Азатты чыгарып салышмак. Себеби Кыргызстанды тоготпойт.
0
Мэри
2014-10-07 16:44:28
Мм... рахмат... Бирок өтө эле болуша бербегиле, ээ, болбосо энеси болушчаактын кызы ыйлаак болуп калат ))))
0
vrach
2014-10-09 11:17:35
бул жыйынтык жакшы болбой калды! биздин спорт-н 12 медаль кутком! анын 3 алтын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан