Футбол боюнча Кыргызстандын биринчилигинде чемпиондук үчүн 4 команда ат салыша баштады

4-октябрда футбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги – ТОП-Лиганын экинчи айлампасы башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынан кабарлашты.

Жобо боюнча, экинчи айлампада учурда мелдеш жадыбалында алдынкы 4-орунду ээлеп турган командалар өз ара чемпиондук үчүн ат салышмакчы. Анда ар бир команда бири-бири менен экиден оюн өткөрөт. Дагы 6 оюндун жыйынтыгында Кыргызстандын 2014-жылдагы чемпиону аныкталат. Ал эми алдынкы төрттүккө кирбей калган командалар да өз ара экиден оюн өткөрүшүп, 5-орунду талашышат.

4-октябрда экинчи айлампанын башталышында Ошто куршабдык “Алдиер” менен кочкор-аталык “Нефтичи” кез келди. Беттеш үй ээси “Алдиердин” жеңиши менен аяктады. Ал эми Бишкекте өткөн беттеште “Ала-Тоо” клубу “Манасты” ири эсепте утуп алды.

Оюндардын жыйынтыгы:

“Алдиер” (Куршаб) – “Нефтичи” (Кочкор-Ата) – 3:2

“Ала-Тоо” (Бишкек) – “Манас” (Талас) – 5:0
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
X-peria
2014-10-07 08:47:55
Алай эмес...Алай-Ош.... ХХХ ХХХ ХХХ...
-3
admin_portal
2014-10-07 10:12:57
X-peria, Саламатсызбы!
Ал команданын расмий аталышы "Алай".
Эгер дагы ушул сыяктуу сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жөнөтсөңүз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан