Оор атлетика боюнча балдар жана өспүрүмдөрдүн Бишкек шаарындагы адистештирилген олимпиадалык резерв мектебинин машыгуу залы оңдоп-түзөө иштеринен кийин ишке кирди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мектептин директору Улан Молдодосов билдирди.
Анын айтымында, зал эл аралык стандартка толук жооп берет. Бул залда өспүрүмдөрдөн тарта оор атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү дагы машыгышмакчы. “Оор атлетикага мамлекет колдоо көрсөтүп жатат. Мамлекеттин колдоосу менен 2013-жылы оор атлетика боюнча Азия чемпиондугун өткөргөнбүз. Өз жерибизде өткөн мелдеш мамлекетке киреше алып келиши керек. Ошондо мамлекет 50 комплект олимпиадалык нормадагы штангаларды алып берген. Ошол штангалар азыр бөлүштүрүлүп, биздин мектепке 15 штанга, 8 төшөлмө (помост) тийди”,- деп билдирди.
Ал кошумчалагандай, оңдоп-түзөө иштерине республикалык бюджеттен 5,5 миллион сом бөлүнгөн. Залдын жакшырганы жана шарттын түзүлгөнүнө карап окуучулардын санын арттыруу планы бар экенин кошумчалады У.Молдодосов.