“Легенда кубогунда” ойнобой калган “Алай” менен “Алга” футболдук клубдары өлкө биринчилигинде кез келишет

Футбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги – ТОП-Лиганын экинчи айлампасы старт алды. Жобо боюнча, экинчи айлампада учурда мелдеш жадыбалында алдынкы 4-орунду ээлеп турган командалар өз ара чемпиондук үчүн ат салышмакчы. Чемпиондук жарышка түшүп жаткан командалардын ичинен биринчи болуп “Алай” жана “Алга” командалары беттешишет. Беттеш 9-октябрда Ош шаарында болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынан кабарлашты.

9-октябрь

А.Сүйүнбаев атындагы стадион, Ош шаары

“Алай” (Ош) – “Алга” (Бишкек)

Кошумчалай кетсек, бул командалар 27-сентябрда “Легендалар кубогунда” беттешмек. Тилекке каршы, “Алай” беттештен баш тарткан. “Легендалар кубогуна” ойноого “Нефтичи” клубу макул болуп, бирок “Алгага” 4:0 эсебинде утулуп калды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан