5-октябрда Кытайда тай бокс боюнча “Kunlun Fight 11” деген аталыштагы ири мелдеш орун алып, анда рингге чыккан спортчу Валентина Шевченко жеңишке жетти. Бул тууралуу КРнын Тай бокс федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдеште ал франциялык Бассина Аблави менен беттешти. 3 раундга созулган беттештин жыйынтыгында калыстар жеңишти Валентина Шевченкого ыйгарышты.