Каракол мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусу Д.Мнын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 8-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган кызматкер М.К., И.Ж., жана М.А., аттуу жарандар менен ич ара сүйлөшүп алып, 3 гектар жер тилкесин үлүш ээсинин макулдугусуз андан баш тартуу боюнча тил катты күбөлөндүргөн. Учурда бул боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.