16-17-октябрь күндөрү Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо эрежесиз эр уруш (ММА) боюнча Кыргызстандын Ачык биринчилиги өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашат.
Маалыматка ылайык, ага Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринен мушкерлер чакырылган. Жалпысынан мушкерлер 8 салмак категориясында күч сынашышат.