Казакстандын Жамбыл облусунун райондор аралык соту Кыргызстандын жаранын баңгизаттарды контрабандалоо жана сатуу боюнча күнөөлүү деп таап, аны 16,5 жылга эркиндиктен ажыратуу боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда облустун прокуратурасына шилтеме берүү менен казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, соттолгон жаран баңгизаттарды Кыргызстандан сатып алып, “Сыпатай баатыр” бажы түйүнүнөн өткөрүп, Казакстандын аймагына жеткирүү менен алектенгени аныкталган. Ал Жамбыл облусунун Меркен районунун Андас баатыр айылында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө амалдарынын жүрүшүндө колго түшүрүлгөн. Андан 2 килограмм 680 грамм героин табылган.