Эгер Каталония Испаниядан көз карандысыздыгын жарыяласа, каталондук “Барселона” жана “Эспаньол” футболдук клубдары Испаниянын Лигасынан четтетилет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Испаниянын профессионалдык Футбол Лигасына шилтеме берүү менен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Каталониянын көз карандысыздыгы боюнча референдум 9-ноябрга пландалган. Эгер Каталония өз алдынча бөлүнө турган болсо, кийинки жылдардан тарта бул аймакка тиешелүү болгон бардык футболдук клубдар Испаниянын Лигаларына катышуу укугунан ажырайт. Каталондук “Барселона” алдыда Франциянын чемпиондугунда ойноп калуусу мүмкүн экени буга чейин айтылып келген.