Лыжа спорту боюнча 2 жолку Олимпиада чемпиону, норвегиялык спортчу Петтер Нортуг 50 күн абакка буйрулду. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда соттун жыйынтыгында белгилүү болгонун чет элдик маалымат булактары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, спортчу мас абалында унаа айдап, бир жаранды сүзүп кеткени үчүн сот жообуна тартылып жаткан. Андан тышкары "кырсык болгон жерден из суутуп кетип, кийин туура эмес көрсөтмө берген" деген да айып тагылып жаткан.
Кошумчалай кетсек, Петтер Нортуг “Ванкувер-2010” Кышкы Олимпиадасында командалык жарышта жана 50 чакырым аралыкка классикалык стилдеги жарышта алтын медалдарды тагынган.