Кечээ, 9-октябрда Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги – ТОП-Лиганын алкагында Ош шаарынын “Алай” клубу менен бишкектик “Алга” беттешти. Оюндун алгачкы 45 мүнөттүгүндө “Алганын” оюнчусу Руслан Жамшидов оюн эсебин ачып, конокторду эсептик катышта алдыга сууруп чыкты. “Алайдын” курамынан экинчи 45 мүнөттүктө Алмазбек Мирзалиев айырмаланып, эсепти теңеди. Оюн 1:1 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктап, командалар эсептерине бирден упай жазышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынан кабарлашты.
Кошумчалай кетсек, учурда ТОП-Лиганын экинчи айлампасы орун алууда. Байгелүү 3-орун үчүн “Дордой”, “Абдыш-Ата”, “Алга” жана “Алай” курамалары өз ара беттеш өткөрүшмөкчү. 3-орунду “Алай” менен “Алганын” бири ээлей турганын серепчилер эмитеден айтып жатышат.