Кыргызстандык мушкерлер Азат Усеналиев менен Өмүрбек Малабеков “Украинские атаманы” клубу менен келишим түзөт

Кыргызстандык мушкер, 56 килограмм салмакта 2013-жылкы Азия чемпиондугунда коло медаль тагынган Өмүрбек Малабеков жакынкы аралыкта Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясында рингге чыга баштайт. “Украинские атаманы” жарым профессионалдык клубу мушкер менен келишим түзүү алдында турат. Бул тууралуу бокс боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов бүгүн, 10-октябрда SUPER.KG порталына кабарлады.

Анын айтымында, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакын арада келишим түзүлөт.

Эске салсак, Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясына катышып келген “Украинские атаманы” клубу өткөн жылы кыргызстандык мушкер Азат Усеналиев менен 6 айлык келишимдин негизинде иштеген эле. "Клуб Азат Усеналиев менен быйыл да келишим түзүүгө кызыгып жатат. Учурда телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ушул эки мушкерибиз менен тең келишим түзүлүп калса, алардын өсүшүнө, Олимпиада оюндарына жолдомо алуусуна шарт түзүлмөк",- деп кошумчалайт А.Бекболотов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zman53
2014-10-10 10:50:28
Жакшы толосо бара берет да.
0
kama_future_millioner
2014-10-10 10:57:24
Мамлекет жакшы карабаса кете беретдаа.
0
edu.kg
2014-10-10 12:12:02
Мамлекетибизди шалаакы адамдар башкаргандыгынан онуп оспой спортчуларыбыз минтип ар жака кетип жатышат. Мейли кете берсин бааласа,чет жер болсо да мээнетин баалап таанылууга шарт тузулсо.
0
edu.kg
2014-10-10 12:22:26
Мисалы Казахстанда олкосун таанытуу учун спортчуларды олимпиядага акчага сатып келип катыштырып журушот,биздин да спортчуларыбыз ошол жакта журушот. Себеби бизде карап конул бурган эч ким жок,жана баалабайт ,спорт эмне талант эмне экендигинде тушунугу жок чондордо. Биздин кудай урган чиновниктерге акча жана кресло болсо болду,оз жандарын гана ойлошот,озубуздо турган спортчуларды талантууларды оз кызыкчылыгыбызга мамлекетибизди дуйно элине таанылтууга шарт тузуп берип кетирбей койсок болмок. Спор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан