“Ош электр” ишканасынын юристи пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бүгүн, 10-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган кызматкер кардардын электр энергиясына болгон карызын жоюп берүү үчүн 20 миң сом талап кылган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.