Чүй облусунда уюшкан кылмыштуу топтун лидери Алмаз Бокушевдин жакындарына 1,5 гектар жер тилкеси мыйзамсыз берилген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 10-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 2005-жылы Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан айыл чарбасына керектүү 280 чарчы метр жер тилкеси жеке турак жай куруу үчүн берилген. Кийин ал жер тилкесин уюшкан кылмыштуу топтун лидери Алмаз Бокушевдин жакындарына 1,5 гектарга чейин кеңейтилип сатылган.
Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.