Бишкектик "Дордой" канттык “Абдыш-Атаны” утуп, тарыхында жетинчи жолу Кыргызстандын кубогуна ээ болду

Кечээ, 11-октябрда Кант шаарында футбол боюнча Кыргызстандын Көз карандысыздык кубогунун финалы орун алды. Анда канттык “Абдыш-Ата” менен бишкектик “Дордой” кез келип, жеңиш “дордойчуларга” жылмайды. Оюн 2:1 эсебинде аяктап, “Дордой” өз тарыхында бул кубокту жетинчи ирет ута алды.

Кошумчалай кетсек, оюн “Дордойдун” көзөмөлү астында өттү. Голго ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр “Дордойдо” көп болду. Ал эми канттыктар атаандаштарынын дарбазасын алууга мүмкүнчүлүктөрдү өтө аз уюштурушту. Жеңиш алып келген голдорду Мирлан Мурзаев менен Калимулла киргизди. Ал эми “Абдыш-Атанын” курамынан Фархад Мусабеков айырмаланды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nookat
2014-10-12 02:06:26
Супер инфо ушундай жанылыктарды айтканда футбол ойногон командалардын составын да кошуп жазсанар мисалы мен башка мамлекеттердин футбол командаларын составын билем бирок озум кыргызстанда туруп даже улуттук курама команда да кайсы оюнчулар ойношун билбейм футбол боюнча кобураак информация берсенер жакшы болмок
+8
kama_future_millioner
2014-10-12 11:14:27
Уйдоо баатыр жоодо жок болбой, сырттаа да ушунтип ойносонор мындан да жакшы болмок
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан