Волейбол боюнча Курманжан датканын кубогуна арналган мелдешти “Салам-Алик” клубу утуп алды

11-12-октябрь күндөрү Ош шаарында Курманжан датканын кубогуна арналган волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Ага кыз-келиндерден турган 4 команда катышып, өз ара жеңүүчүнү аныкташты. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда бишкектик “Салам-Алик” клубу бардык командалардын үстүнөн жеңишке жетишип, чемпиондукту жеңип алды. Ал эми күмүш медаль “Алай-Датка” командасына тийсе, колону бишкектик “Улар” багындырды.

Жалпы жыйынтыктар:

“Улар” - ДЮСШ – 3:0

“Салам-Алик” – “Алай-Датка” – 3:0

ДЮСШ – “Салам-Алик” – 0:3

“Алай-Датка” – “Улар” – 3:2

“Салам-Алик” – “Улар” – 3:0

“Алай-Датка” - ДЮСШ - 3:1 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан