Кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий Астана шаарында өткөн "Гран-При" мелдешинде күмүш байге багындырды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 12-октябрда өткөн финалдык беттеште 100 килограмм салмактык бөлүктө Юрий Краковецкий венгриялык спортчуга утулуп калды. Натыйжада ал күмүш медаль тагынууга мажбур болду.