"Формула-1" боюнча алгачкы Орусиянын "Гран-Присинде" британиялык Льюис Хэмилтон жеңишке жетишти

Кечээ, 12-октябрда автожарыштардын "Формула-1" сериясы боюнча Дүйнө чемпиондугунун алкагында Орусиянын "Гран-Приси" аяктады. Анда “Мерседестин” британиялык автожарышчысы Льюис Хэмилтон жеңишке жетишти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, экинчи орунду дагы бир “мерседесчи” Нико Росберг ээлесе, үчүнчү болуп мара сызыгын Валлтери Ботас (“Уильямс”) кесип өттү. 
Кошумчалай кетсек, "Формула-1" боюнча Дүйнө чемпиондугунда, жобого ылайык, жыл ичинде 19 мамлекеттин "Гран-Приси" уюшулат. 19 жарышта эң көп упай топтогон спортчу чемпиондукка жетишет. Орусия Дүйнө чемпиондугун быйыл биринчи жолу кабыл алып жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан