Бүгүн, 13-октябрда Чечен Республикасынын Грозный шаарында президент Рамзан Кадыровдун кубогуна арналган эркин күрөш боюнча мелдеш өтүүдө. Мелдештин жүрүшүндө кыргызстандык 2 балбан коло медалдарга ээ болушту. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, 57 килограмм салмакта Самат Надырбек уулу коло медаль тагынды. Бул салмакта байге алган башка 3 балбан тең Дагестандын өкүлдөрү болуп чыгышты. Ошондой эле коло медалга 65 килограмм салмакта Ашырбек Сардаров ээ болду.