Кечээ, 13-октябрь күнү саат 19:00 чамасында Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылында дүкөндө иштеген айымды өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда аталган айылдын тургуну билдирди.
Тургундун айтымында, белгисиз адамдар дүкөндү тоноо максатында сатуучу айымды башка чабышкан. Анын кесепетинен сатуучу ошол жерде каза тапкан.