Ош. Оор атлетика боюнча мэрдин кубогуна арналган мелдеште 13 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталды

12-октябрда оор атлетика боюнча Ош шаарынын мэринин кубогуна арналган эл аралык мелдеш аяктады. Мелдешке Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 75 спортчу 13 салмак категориясы боюнча катышты. Бул тууралуу Ош шаардык спорт комитетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, кыз-келиндер 5 салмак категориясында байге үчүн ат салышса, уландар арасында 8 салмак категориясы боюнча медалдар ойнотулду.

Кыз-келиндер арасында жеңүүчүлөрдүн тизмеси:  

48 килограмм салмакта. Исмаилова Мукадас (Токмок) 53 кг. Курманаева Зухра (Ош) 58 кг. Асанбек кызы Акмарал (Орловка) 63 кг. Равшанбек кызы Алина (Ош) 63 килограммдан жогорку салмакта. Баизова Аделя (Бишкек).

Уландар арасында чемпион аталгандар:  

56 кг – Айтбеков Кадырбек (Бишкек) 62 кг - Абдыраманов Сыргак (Бишкек) 69 кг - Тажидинов Рустамбек (Баткен) 77 кг – Толонов Курсант (Бишкек) 85 кг – Жапаров Жалил (Бишкек) 94 кг- Таштанбеков Азат (Орловка) 105 кг – Ашимов Султан (СДЮСШОР) 105 килограммдан жогорку салмактагыларда – Шатманов Элдияр (СДЮСШОР).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан