Бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мурунку мүчөсү, акыркы жылдары АКШда жашап, машыгып жүргөн мушкер Урмат Рыскелдиев профессионалдык рингде кезектеги беттешин өткөрөт. Беттеш 30-октябрда Лос-Анжелес шаарында өтөт. 69 килограмм салмакта Урматка каршы рингге мексикалык Карлос Лозано чыкмакчы. Бул тууралуу мушкердин жакындары кабарлашты.
Кошумчалай кетсек, У.Рыскелдиев буга чейин 4 беттеш өткөрүп, 3 ирет жеңүүчү аталган. Бир беттеш тең чыгуу менен аяктаган.