Бий спорту боюнча Кытайда өткөн мелдеште кыргызстандык жуптук 4 алтын медаль тагынды

11-12-октябрь күндөрү Кытайдын Тайбэй шаарында бий спорту боюнча “Asian single dance championships-2014” мелдеши болуп өттү. Анда кыргызстандык Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей жуптугу 3 алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу КРнын Бий спорту боюнча федерациясынын өкүлү SUPER.KG порталына кабарлады. 

Маалыматка ылайык, алар аталган мелдеште “Samba”, “Rumba” жана “Psodoble” категориялары боюнча алдынкы орунду ээлешкен. "Мындан тышкары бул мелдештин алкагында "WDSF International Open" аталышындагы мелдеш өткөрүлүп, анда да бийчилерибиз 1 алтын медаль тагынышты",- деп кошумчалашты федерациядан. 

Жалпысынан мелдешке Орусия, Кыргызстан, Япония, Казакстан, Кытай, Түндүк Корея жана Гонконгдон 50 жуптук катышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sizge.kat
2014-10-14 14:43:17
видеосун таап жуктоп койсонуздар
+2
admin_portal
2014-10-14 14:54:23
Sizge.kat, Саламатсызбы!
Аракет кылабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан