9-12-октябрь аралыгында Казакстанда волейбол боюнча окуучулар арасында өткөн мелдеште кыргызстандык “Дордой-Намыс” командасы алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдешке жалпысынан 1999-2000-жылдары туулган балдардан турган 8 команда катышкан. Командалар 2 тайпага бөлүнүп ойноо менен топтогон упайлардын эсебинен жарым финалчыларды аныкташты. “Дордой-Намыс” мелдеште жеңилүү ызасын тартпаган жалгыз команда болду. Тайпалык баскычта да кыргызстандыктардын эсебине 3 жеңиш жазылды. Финалда “Дордой-Намыс” Тараздын командасы менен кез келип, жеңишке жетишти.
“Дордой-Намыстын” тайпалык баскычтагы жыйынтыктары:
“Дордой-Намыс” – “Абай” – 2:0
“Дордой-Намыс” – ДЮСШ-6 – 2:0
“Дордой-Намыс” – Волейбол академиясы – 2:0
Жарым финал:
“Дордой-Намыс” – ДЮСШ-4 – 2:0
Финал:
“Дордой-Намыс” – "Тараз" – 2:0