Атаандашын тиштегени үчүн 4 ай футболдон четтетилген Луис Суарес 10 күндөн кийин “Барселонанын” курамында ойноп баштайт

Атаандашын тиштегени үчүн 4 ай футболдон четтетилген Луис Суарес 10 күндөн кийин “Барселонанын” курамында ойноо укугуна ээ болот. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 4 ай футбол ойноо укугунан ажыратылган футболчунун жаза мөөнөтү 24-октябрда бүтөт. Ал эми 25-октябрда “Барселона” Испаниянын чемпиондугунун 9-турунда “Реал” менен конокто ойнойт. Айрымдар Суарести бул оюнда көрүүгө кызыкса, айрымдар Испаниянын чемпиондугунда дебют жасай турган футболчунун “Реал” сыяктуу күчтүү командага каршы жоопкерчиликтүү оюнда майдандан көрүнбөсүн болжошууда. 

Кошумчалай кетсек, футболчу Бразилияда өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Уругвай - Италия беттешинде атаандашын тиштеп, жаза катары 4 ай футболдон четтетилген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан