Бүгүн, 15-октябрда футбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги – ТОП-Лиганын кезектеги тур оюндарынын алкагында 4 оюн орун алат. Бишкекте “Дордой” футболдук клубу Ош шаарынын “Алай” клубун кабыл алса, кантта “Абдыш-Ата” өз үйүндө бишкектик “Алга” менен ойнойт. Беттештердин тизмеси:
“Дордой” – “Алай”
Башталышы: 15:30
Стадион: Бишкек шаары, “Дордой” спорткомплекси
“Абдыш-Ата” – “Алга”
Башталышы: 15:30
Стадион: Кант шаары, “Центральный” стадиону
“Нефтичи” – “Ала-Тоо”
Башталышы: 15:30
Стадион: Кочкор-Ата шаары, “Нефтичи” стадиону
“Алдиер” – “Манас”
Башталышы: 15:30
Стадион: Куршаб айылы, “Куршаб” стадиону