Ошто мурда соттолгон жаран унаа уурдап кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 15-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 23 жаштагы Ош шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал кечээ, 14-октябрь күнү белгисиз адам Тойота үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 19 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.