2016-жылы өтө турган футбол боюнча Европа чемпиондугунун тандап алуу турунда Албания менен Сербия курамаларынын беттеши стадиондогу баш аламандыктан улам токтотулду. "Бул баш аламандыкты уюштурган болушу мүмкүн" деген шек менен Албаниянын премьер-министри Эди Раманын иниси Орфи кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарашты.
Маалыматка ылайык, Орфи ошол маалда стадиондо болгон. Аны тиешелүү органдар желекке байланыштуу чырды баштаган болушу мүмкүн экенин айтып, колго түшүрүштү.