Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун оңдоп-түзөө иштери сентябрь айында аяктамак. Бирок сентябрь айында толук бүтпөй, жыл аягына чейин бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактарыбыз кабарлашты.
“Стадиондун дааратканасы, коридор, жуунуучу жайлар жана 2-кабаттагы балкон оңдолуп жаткан. Футболдук майдан менен чуркоочу аянттын иши токтогон жок. Тендерди утуп алган компания оңдоп-түзөө иштерин сентябрь айында бүткөрүүнү пландаган. Бул убакытка иш аяктаган жок. Эми жыл аягына чейин алар ишин бүтүрүшү керек”,- деп кабарлашты ишенимдүү булактарыбыз.