Криштиану Роналдунун “Facebook” социалдык тармагындагы баракчасында катталгандардын саны 100 миллиондон ашты

Португалия курамасынын жана мадриддик “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналдунун “Facebook” социалдык тармагындагы баракчасында катталгандардын саны 100 миллиондон ашты. Роналду 100 миллиондон ашык “жакты” белгисин (like) топтогон ааламдагы биринчи адамга айланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бул баракчага катталгандардын 78 пайызын эркектер түзөт. Анын көпчүлүк күйөрмандары Бразилия, Индонезия, Индия, Мексика жана АКШ сыяктуу мамлекеттерде жашаары айтылат. Криштиану Роналду кайрылуу жасап, бул көрсөткүчкө жеткени үчүн күйөрмандарына ыраазычылык билдирди. 

Криштиану Роналдунун фейсбуктагы баракчасында катталгандардын саны 100 миллионго жетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
lampard8
2014-10-15 16:35:50
аааа менида кошот бекен дружба жиберсем)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан