Бүгүн, 15-октябрда Бишкекте футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугу - ТОП-Лиганын 16-турунда бишкектик "Дордой" өз үйүндө Ош шаарынын "Алай" командасын кабыл алды. Башта "Алайдын" оюнчулары активдүү ойноп, топко көбүрөөк көзөмөл жүргүзүү менен каршы дарбазага бир топ сокку узатышты. Ошол эле коноктор жарым талаада каталарга жол берип жатышты. Ал эми "Дордой" демилгени каршы тарапка берип, оюнду каршы чабуул менен баштады. "Дордойдун" чабуулчусу
Мирлан Мурзаев оюн эсебин алгачкы 45 мүнөттүктө ачып, "дордойчулар" ушул голдон кийин бир топ ишенимдүү оюн алып бара башташты. Көп өтпөй ТОП-Лиганын бомбардирлер тизмесин жетектеп келаткан
Калимулла эсепти 2:0гө айлантты.
"Дордой" оюнга көп оюнчу менен келсе, "Алайдын" курамында алмашууга чыга турган футболчулардан экөө гана болду. Экинчи 45 мүнөттүктү да "Дордой" ийгиликтүү баштап, Калимулла 1 гол киргизди. Ал эми "Алайдын" оюнчулары бул таймда бир топ ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзгөнү менен, гол жаратууда чабалдык кылып жатышты. Ошентсе да Муролим Ахмедов ийгиликтүү чыгып, команданын эсебине бир гол жазды.
Кошумчалай кетсек, "Дордой" ТОП-Лигада өткөргөн 15 оюнда 40 упай топтоп, жакынкы атаандашы "Абдыш-Атадан" 7 упайга озуп кетти.