Футбол боюнча өлкө чемпиондугунда канттык “Абдыш-Ата” өз үйүндө “Алгага” утулуп калды

Кечээ, 15-октябрда футбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги – ТОП-Лиганын кезектеги тур оюндарынын алкагында 4 оюн болду. Бишкекте “Дордой” Ош шаарынын “Алай” клубун кабыл алып, 3:1 эсебинде утуп алды. Кантта “Абдыш-Ата” өз үйүндө бишкектик “Алгага” утулуп, чемпиондук жарышта "Дордойдун" 7 упайга ашып кетүүсүн шарттады. Ал эми Куршаб айылында өткөн беттеште “Алдиер” клубу “Манасты” утса, Кочкор-Ата шаарында “Нефтичи” клубу “Ала-Тоону” 1 голдун эсебинен утуп алды. 

Оюндардын жыйынтыгы:

“Дордой”-“Алай” – 3:1

“Абдыш-Ата”-“Алга” – 0:2

“Нефтичи”-“Ала-Тоо” – 1:0

“Алдиер” – “Манас” – 2:1

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан