Уругвай курама командасынын жана каталондук “Барселонанын” чабуулчусу Луис Суарес кечээ, 15-октябрда Европанын ири лигаларында бомбардир болгон футболчуларга ыйгарылуучу “Алтын бутса” сыйлыгын алды. Бул тууралуу европалык басылмалар билдиришти. Былтыркы сезондо англиялык “Ливерпулдун” курамында 31 гол киргизген футболчу карьерасында алгачкы жолу бул сыйлыкты алды.
Маалыматка ылайык, аталган сыйлыкка “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналду да ээ болду. Ал дагы өткөн сезондо 31 гол киргизип, Испания Лигасында башкы бомбардир аталган эле.
Кошумчалай кетсек, бул сыйлык Европанын лигаларында эң көп гол киргизген футболчуларга тапшырылат. Сыйлык ээсин аныктоодо Англия, Германия, Испания жана Италиянын лигаларында киргизилген ар бир гол 2 упай болуп эсептелинет. Ал эми башка лигаларда катталган голдор 1,5 упайга тете. Роналду менен Суарес экөө тең 62 упай топтогон.