Жайыл районунда унаа уурдоо фактысына шектелип 18 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 34 жаштагы Кара-Балта шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал үстүбүздөгү жылдын 16-июлунан 17-июлуна караган түнү үйүнүн жанынан белгисиз адам Фольксваген Пассат унаасын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде кылмышка шектүү катары 18 жаштагы жаран кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.