Мишель Платини футболдо ак түстөгү айып кагазын колдонуп, оюнчуларды 10 мүнөткө оюндан четтетүү эрежесин сунуштоодо
УЕФАнын президенти Мишель Платини “Футбол
тууралуу баарлашабыз” деп аталган автордук китебинде кызыл жана сары айып
кагазы сыяктуу эле ак айып кагазын колдонууну сунуштоодо. Анын айтымында, эреже
бузган оюнчуга ак айып кагазы көрсөтүлсө, оюнчу 10 мүнөт убакыт оюндан
четтетилет. Муну менен футбол ишмери футболчуларга карата колдонулган жазаларды
азайтууну көздөөдө (учурда оюнчу өз дарбазасынын айып аянтчасында атаандашын
чалса, ал майдандан четтетилет, пенальти коюлат жана оюнчу кийинки оюндарга чыкпайт).
Ошондой эле Платини оюн учурунда 5 оюнчуну алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн түзүүнү
сунуштоодо. Учурда машыктыруучулар 90 мүнөт ичинде 3 гана оюнчуну алмаштыра
алышат. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда чет элдик маалымат булактары кабарлады.