Кара-Көл шаарынын мэри боюнча жалган маалымат тараткан ишкерге кылмыш иши козголду

Кечээ, 16-октябрь күнү Кара-Көл шаарындагы “С.” ишканасынын директору Ж.Шга “пара алууга же коммерциялык сатып алууга түртүү” жана “атайылап жалган билдирүү таратуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган жаран “Кара-Көл шаарынын мэри боюнча жалган маалымат тараткан” деп айыпталууда. Иликтөөнүн жүрүшүндө Ж.Ш. мэрия менен келишим түзүп, курулуш иштерин жүргүзүү боюнча макулдашуулар болгону аныкталган. Ошондой эле курулуш иштеринде бир катар мыйзам бузуулардын катталганы белгилүү болгон. Бул нерсени ачыкка чыгаруу үчүн мэрия күч органдарына кайрылган. Бул абалдан чыгуу үчүн аталган жаран мэрге жалаа жапкан. Учурда ишкер кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Айта кетсек, август айында Кара-Көл шаарынын мэри М.К. пара алып жаткан жеринен кармалып, кылмыш иши козголгону жөнүндө маалымат чыккан эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2014-10-20 11:38:43
chali, Саламатсызбы!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан